Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Бердымухамедов шайлоодогу атаандашын жогорку кызматка дайындады


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн мурдагы атаандашын жогорку кызматка дайындады.

12-февралда өткөн президенттик шайлоодо экинчи орунду алган Максат Аннанепесов Мамлекеттик тамак өнөр жайы бирикмесинин төрагасы болду. Ал буга чейин аталган мекемеде орун басарлык кызматты аркалап келген.

Аннанепесовдун президенттике талапкерлигин жарандык демилгечил топ жылдырган. Шайлоодо ал 1,02% добуш топтогон.

Президенттин калган жети атаандашы бир пайыздан аз добуш алышкан. Алардын болочогу кандай болору азырынча белгисиз, бирок жооптуу кызматтарга дайындалып калуулары мүмкүн экени айтылууда.

БШКнын маалыматы боюнча, өлкөнү 2007-жылдан бери башкарып келаткан Бердымухамедовду шайлоочулардын 97,69 пайызы колдогон.

XS
SM
MD
LG