Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Дэн Коатс Орусияны башкы коркунуч деп эсептейт


Сенатор Дэн Коатс.
Сенатор Дэн Коатс.

АКШ Улуттук чалгын кызматынын жетекчилигине талапкер Дэн Коатс Орусия, Кытай жана Түндүк Кореяны АКШ үчүн негизги коркунуч деген пикирин Сенаттагы сөзүндө билдирди. Шейшембиде Сенат аны АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчылыгына дайындоо маселесин караган.

Коатстын ырасташынча, Орусиянын дүйнөлүк иштердеги айрым кадамдары олуттуу көз караш менен кароону талап кылат. Ал ошондой эле Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу маалыматтарды иликтөөнү колдоого аларын убада кылды.

-Мен муну иликтөө жана тиешелүү кадамдарды жасоо зарыл деп эсептейм.

АКШнын чалгын кызматы Кремлди өткөн жылкы президенттик шайлоо алдындагы өнөктөштүккө кийлигишкен деп айыптап келет. Москва аны жокко чыгарууда.

Ал эми президент Трамп шайлоо жыйынтыгына хакерлик аракеттер эч кандай таасир эте албасын бир нече жолу билдирген.

XS
SM
MD
LG