Бул тууралуу КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин 1-марттагы жалпы жыйынында билдирди. Ал соңку кезде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына нааразы тараптын жол тосуу аракеттери туура эмес экенин белгиледи:
- Айрым мыйзамды билбеген адамдар жол тосуп, мыйзамсыз жерлерде митинг-пикет өткөрүп жатканы башкалардын укугун бузуп жаткандай болуп атат. Жол тосуулар үчүн жоопкерчиликти караган мыйзамды бешинчи чакырылыштын депутаттары кабыл алганбыз. Анткени, алардын аракеттери башка элге тоскоолдук кылбашы керек. Митинг-пикет өтсүн, бирок "Тез жардам" болобу, башка жарандарга болобу жолтоо болбосун деп мыйзам кабыл алынбады беле. Ошону элге КТРК, ЭлТР аркылуу түшүндүрүлсүн деп тапшырма берилиши керек. Эртең мыйзамды бузгандан кийин укпадык-билбедик дешпесин.
Парламент бүгүн Текебаевдин камалышына байланышкан маселени күн тартибине киргизип, УКМК төрагасын, Башкы прокуратураны чакырып, маалымат алууну "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары, КСДПдан Жанар Акаев сунуштады. Аны көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоду.
"Ата Мекен" партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Башкы прокуратура ага карата "алдамчылык" жана "коррупция" беренесинин негизинде иш козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. Тарапкерлери, партиялаштары, жакындары жана жарандык активисттер Текебаевдин бошотуу талабы менен Бишкекте жана Базар-Коргон районунда митинг өткөрүп жатышат. (NT)