Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Карыпбековго эки саат операция жасалды, абалы оор


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун ички органдарына эки саат бою операция жасалды. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Карыпбеков ооруканага бүгүн таңга жуук саат 4.11де түшкөн:

- Абалы оор, бизге келгенге чейин клиникалык өлүм деп коет, жүрөгү токтоп келген. Кан басымы төмөндөп, канды көп жоготкон. Керектүү дары-дармектерди алып жатат. Болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

Илим Карыпбековду кароону министр Талантбек Батыралиев өз көзөмөлүнө алган.

ИИМдин жол кайгуул кызматы тараткан маалымат боюнча, КТРК жетекчиси жол кырсыкка 1-март күнү саат 3:19да кабылган. Анын башкаруусундагы «Рейндж-Ровер» автомашинасы түштүк магистралдагы “Сенатор” кафесинин бет маңдайындагы жолтосмодон өтүп, мамыны сүзгөн. Автоунаанын ичинде Илим Карыпбековдон башка эч ким болгон эмес.

XS
SM
MD
LG