Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 17:41

Сегизбаев: Текебаевге күч колдонулган жок


Абдил Сегизбаев

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кармоодо ага карата күч колдонулган эмес. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып УКМК башчысы Абдил Сегизбаев билдирди.

- Биз колдон келишинче аяр мамиле жасап алып келдик. Аны атайын даярдыктагы кызматкерлер эмес, тергөөчүлөр алып келишти. УКМКга алынып келинер замат аялы мене да, адвокаты менен да жолугууга уруксат берилди, - деди Сегизбаев.

УКМКнын башчысы белгилегендей, Текебаевдин камактагы абалы видеокаттоого алынып жатат, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG