Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайкага, тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге кайрылуу жолдоп, орусиялык жаран Леонид Маевскийдин аракетине укуктук баа берүүгө чакырды. Ошондой эле Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавинге Маевский менен Алексей Модиндин 2010-жылы 26-27-июлда чек арадан өтүп, Кыргызстанга келүү максаты тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары ошол күндөрү 300 миң доллар акчаны алып өтүү фактысына байланыштуу бажы декларациясы толтурулганбы же жокпу деген маалымат берүүнү да сураган. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгы тараткан маалыматта айтылат.

"Ата Мекен" партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жарандар Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.

Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. Тарапкерлери, партиялаштары, жакындары жана жарандык активисттер Текебаевди бошотуу талабы менен Бишкекте жана Базар-Коргон районунда митинг өткөрүп жатышат. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.

Парламентте ушу тапта Текебаевдин камалышы боюнча УКМК төрагасы, башкы прокурор маалымат берүүдө. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG