Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Жолдубаева: Текебаевдин кылмышка аралашканы тууралуу далилдер бар


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева парламенттин бүгүнкү жалпы жыйында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып Өмүрбек Текебаевдин кылмышка катышканы тууралуу далилдер жетиштүү деп билдирди:

- Буга чейин Равшан Рыкуновадан арыз түшкөн. Ал боюнча козголгон кылмыш ишиндеги материалдарга Маевскийдин арызы да кошулду. Мындан тышкары башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденди. Булар кылмыш ишин козгоо үчүн жетиштүү. УКМК төрагасы алардын ким экенин айтып берди. Алар - Рыкунова, Маевский, Абдрахманов, Модин. Мындан тышкары кыйыр далилдер бар. Биз аны манифесттер, Маевскийдин бул жакка учуп келгенин же бул кылмышка аралашкан адамдардын Москвага учуп барганын далилдеп беребиз. Ошого бул маалыматтар бизге жетиштүү деп эсептедик.

Индира Жолдубаева Масалиевдин акчанын берилгени факт катары кабыл алынып жатабы деген суроосуна "азыр тергөө уланып жатат жана баары иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат" деп жооп берди. Текебаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу документке өзү кол койгонун да айтты.

Парламентте ушу тапта Текебаевдин камалышы боюнча УКМК төрагасы, башкы прокурор маалымат берүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG