Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Парламентте Текебаевдин иши каралды

Парламент Өмүрбек Текебаевдин камалышын кызуу талуулады.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева жана башка тиешелүү жетекчилер Жогорку Кеңеште маалымат беришүүдө.

УКМК төрагасын, башкы прокурорду чакырып, маалымат алууну "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары, КСДПдан Жанар Акаев сунуштап, көпчүлүк эл өкүлдөрүнөн колдоо тапкан.

"Ата-Мекен" партиясы өлкөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөрдү биригүүгө, өлкөнүн чыныгы демократиялык келечеги үчүн бекем турууга чакырат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирүү жасаган фракциянын убактылуу жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.​

- Конституциянын эң ыйык беренеси - бул күнөөсүздүк презумциясы. Кылмыш жасалганын сот гана аныктай алат. Эгер ал берене Баш мыйзамды жазган Өмүрбек Текебаевге карата иштебесе, анда Кыргызстандын алты миллион жаранына иштейт деп кантип кепилдик бере алабыз? Сот өкүмүн чыгара электе мамлекеттин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланган КТРК күндүр-түндүр соттун чечими чыккандай көрсөттү го! - деди Шыкмаматов.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кармоодо ага карата күч колдонулган эмес. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып УКМК башчысы Абдил Сегизбаев билдирди.

- Биз колдон келишинче аяр мамиле жасап алып келдик. Аны атайын даярдыктагы кызматкерлер эмес, тергөөчүлөр алып келишти. УКМКга алынып келинер замат аялы мене да, адвокаты менен да жолугууга уруксат берилди, - деди Сегизбаев.

УКМКнын башчысы белгилегендей, Текебаевдин камактагы абалы видеокаттоого алынып жатат, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева парламенттин бүгүнкү жалпы жыйында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып Өмүрбек Текебаевдин кылмышка катышканы тууралуу далилдер жетиштүү деп билдирди:

- Буга чейин Равшан Рыкуновадан арыз түшкөн. Ал боюнча козголгон кылмыш ишиндеги материалдарга Маевскийдин арызы да кошулду. Мындан тышкары башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденди. Булар кылмыш ишин козгоо үчүн жетиштүү. УКМК төрагасы алардын ким экенин айтып берди. Алар - Рыкунова, Маевский, Абдрахманов, Модин. Мындан тышкары кыйыр далилдер бар. Биз аны манифесттер, Маевскийдин бул жакка учуп келгенин же бул кылмышка аралашкан адамдардын Москвага учуп барганын далилдеп беребиз. Ошого бул маалыматтар бизге жетиштүү деп эсептедик.

Индира Жолдубаева Масалиевдин акчанын берилгени факт катары кабыл алынып жатабы деген суроосуна "азыр тергөө уланып жатат жана баары иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат" деп жооп берди. Текебаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу документке өзү кол койгонун да айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG