Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Жидда шаарында кыргыздын боз үйү тигилди


Жидда шаарындагы боз үй
Жидда шаарындагы боз үй

Сауд Арабиянын Жидда шаарына кыргыздын улуттук боз үйү тигилди. Катар мамлекетиндеги Kyrgyz Club уюмунун башчысы Азамат Карымшаков билдиргендей, кыргыз үй белгилүү араб ишкери, меценат шейх Абдулла Йахя Хасандын короосуна орнотулду.

Демилге “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын” жетекчиси Саид Баюмиге таандык. Анын сунушун аты аталган ишкер колдоого алган.

Буга чейин боз үй Катардын Доха шаарына да тигилген.

Демилгечилер эми Ыраакы Чыгыштагы Кувейт, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттарынын бир топ шаарларына кыргыз маданиятын, жашоо турмушун чагылдырган боз үй куруу пландалып жатканын билдиришти. Максат - кыргыз жана араб улуттарынын ортосунда маданий алака-катышты бекемдөө. (SE)

XS
SM
MD
LG