Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

2-мартка аба ырайы


Ушул апта соңуна чейин Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр аралаш кар жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшөт. Жолдорго муз тоңот.

Бүгүн көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...+2;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 1...6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5 градус жылуу;

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7;

Тоолуу райондордо күндүз -14...-19, күндүз -5 -10;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -1...-3, күндүз 0…+2 градус болот.

XS
SM
MD
LG