Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Трамп НАТОну колдоорун айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОну колдоорун ырастап, армияга сарптала турган акча көбөйөрүн билдирди. Ал 28-февралда биринчи жолу Конгресстин биргелешкен сессиясында сөз сүйлөп, шайлоо өнөктүгү маалында айткан убадаларын кайталады. Ошондой эле тышкы саясатка да токтолуп, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жок кылуу үчүн Коргоо министрлигине план иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин кошумчалады.

- Биздин тышкы саясат дүйнө менен түз жана маанилүү кызматташтыкты талап кылат. Биз НАТОну бекем колдойбуз. Бул биримдик фашизмди кулаткан дүйнөлүк эки согуштун жана коммунизмди жок кылган "кансыз согуштун" натыйжасында пайда болгон,- деди АКШнын президенти.

Дональд Трамп былтыркы шайлоо кампаниясы маалында Түндүк атлантикалык альянсты сынга алып, уюмга мүчө 28 өлкөнүн баары НАТОну каржылоо маселесине кол кабыш кылышы керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG