Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

ЖАМК: Кадыр Досонов УКМКнын абагына которулган жок


Кадыр Досонов
Кадыр Досонов

Кримтөбөл атыккан Кадыр Досонов Оштон Бишкекке которулду деген маалымат тастыкталган жок.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова бүгүн "Азаттыкка" бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Кадыр Досонов ушул маалда Ош шаарында жайгашкан №5 тергөө абагында отурат. Аны башка жакка которуу каралган жок, анткени сот ошол жакта болуп жатат.

Кримчөйрөдө Жеңго деген каймана ат менен белгилүү Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө.

Өткөн жекшембиде УКМКнын тергөө абагына "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов камалган.

Интернетте айрым маалымат булактары Досоновдун УКМКнын абагына которулушу оппозиция лидерлеринин биринин өмүрүнө коркунуч жаратышы ыктымал деген жоромолун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG