Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Украин президенти Донбассты басып алгандарга санкцияны күчөтүүгө чакырды


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Петро Порошенко Донецк жана Луганскидеги Украинага тиешелүү ишканаларды “улутташтырып” алгандарга санкциялар күчөтүлүүсүн талап кылмакчы. Муну украин президенти 1-мартта Британия жана Польшанын тышкы иштер министрлери менен жолугушууда билдирди:

- Орусия бул аймактардагы “жикчилдер тарабынан берилген документтерди тааныганы аз келгенсип, эми ал жактагы украиналык ишканаларды ээлеп жатат”. Муну менен эл аралык жана Украинанын мыйзамдарын тебелеп жатканы үчүн Орусияга санкция күчөтүлүүгө тийиш.

1-марттан тарта Донецк жана Луганскидеги жикчилдер аймактагы Украинага тиешелүү ишканаларды өздөрүнө алышканын билдиришкен. Алар бул кадамын украин радикалдары тарабынан Донбасстын транспорттук блокадага алынышына жооп катары сыпаттап жатышат.

XS
SM
MD
LG