Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Үч эл өкүлү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия курамына Иманалиев кирди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссияга Каныбек Иманалиев кирди. Ал эми “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылында кыйраган учактагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын катарына “Ата Мекенден” Наталья Никитенко кошулду. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Буга чейин аталган эки комиссияда тең “коррупция” жана “шылуундук” беренелери менен эки айга камакка алынган фракция лидери Өмүрбек Текебаев бар болчу.

1-мартта парламент Башкы прокурор менен УКМК төрагасынын маалыматын уккан, "Ата Мекен" фракциясы Текебаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.

Бирок, эл өкүлдөрү Текебаевдин камалышына байланышкан маселени Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын алкагында кароону чечкен. (NT)

XS
SM
MD
LG