Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

БУУ: Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш экенин көрсөтө алды


25 жыл аралыгында Кыргызстан өзүн Бириккен Улуттар Уюмунун ишенимдүү өнөктөшү катары көрсөтө алды. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Кыргызстан президентине жолдогон куттуктоо катында билдирди.

«Биз электоралдык процесске, дүйнө курулушуна, чыр-чатактарды болтурбоого жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүнү кучагына алган ар кыл чөйрөлөрдө тыгыз кызматташууга жетише алдык» деген Гутерреш Бириккен Улуттар Уюму 2030 туруктуу өнүгүү программасынын алкагында Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр экенине ишендирди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өз кезегинде “Өткөн чейрек кылымда БУУ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана орчундуу чөйрөлөрдө реформаларды өткөрүүгө кыйла салым кошту” деген кат жөнөтүп, Антонио Гутеррешти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстан менен БУУ ортосундагы кызматташтык 1992-жылдын 2-мартында башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG