Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстандын Суперкубогу үчүн "Алай" менен "Дордой" беттешет


Футбол боюнча Кыргызстандын 2017-жылдагы сезонунун Суперкубогу үчүн 2016-жылы Топ-Лигада чемпион аталган "Алай" жана былтыркы жылы Кыргызстандын Кубогуна ээ болгон "Дордой" командалары беттешет.

Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей оюн 3-мартта Бишкек шаарындагы Футбол Борборунун стадионунда саат 15:00дө башталат.

Кыргызстандын Суперкубогу сезондун ачылышына карата жыл сайын өтчү футболдук мелдеш катары 2011-жылдан бери уюштурулуп келет. 2015-жылы гана өткөрүлгөн эмес.

Бул кубокту "Дордой" клубу үч жолу уткан. "Нефтчи" менен "Абдыш-Ата" клубдары бир жолудан ээ болгон. "Алай" футболдук клубу Суперкубок үчүн мелдеште жеңишке жете элек.(ECh).

XS
SM
MD
LG