Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Быйыл мамлекеттик ипотекага бир миллиард сом бөлүнөт


Мамлекеттик ипотека аркылуу насыя алуу арызы менен кайрылгандардын көбүн Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тургундары түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда белгилүү болду.

Бүгүнкү күнгө карата бул программанын 857 катышуучусуна жылына 10-12% үстөк менен 1 млрд 28 млн сом бөлүнүп берилди.

Айрым депутаттар үстөк пайыз 10% ашпоосу керек деген пикирин билдиришти.

Жеңилдетилген шартта мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай насыясын алуу алгач бюджеттик мекемеде иштегендер үчүн гана каралса, азыр мындай укукту бардык жарандарга берүү керектиги айтылууда.

Өткөн жылы өкмөт «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын кабыл алган.

Ипотекалык насыя боюнча алгачкы төгүмдү же пайыздык ставканы субсидиялоо үчүн быйылкы жылы 1 млрд сом каралып жатат, ал эми андан аркы жылдары бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат бөлүнүп турмай болууда.(RK)

XS
SM
MD
LG