Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Дарыгерлер: Илим Карыпбековго донор керек


Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жол кырсыгына кабылган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго донор керек болууда. Республикалык кан борборунун бөлүм башчысы Алтынкүл Туратбекованын маалыматы боюнча, бүгүн, 2-мартта он беш донор кан тапшырган.

Кан берүүнү каалагандардын саны мындан да көп, бирок бир тобунун анализдери жакшы чыккан эмес. Эми Карыпбековго кеминде он үч донор зарыл. Андыктан дарыгерлер каалоочуларды бүгүн-эртең башкалаадагы Чыңгыз Айтматов көчөсү №60 даректе жайгашкан кан борборуна барып, донор акциясына катышууга чакырат.

Илим Карыпбеков 1-мартта таңга жуук жол кырсыгына кабылып, оор жараат алган, ички органдары катуу жабыркап, кан көп жоготкон. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда ага операция жасалып, 2-мартта эсине келген эле. (NT)

XS
SM
MD
LG