Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

"Атанын керээзи" тасмасы "Ника" сыйлыгына номинант болду


Кинотеатр.
Кинотеатр.

Кыргызстандык режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукул тарткан "Атанын керээзи" тасмасы Орусиянын улуттук "Ника" сыйлыгына номинант болду

"Ника" академиясынын сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Атанын керээзи" менен катар "КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү мыкты тасма" багыты боюнча Азербайжандын "Кызыл бак", Өзбекстандын "Күз тууралуу кененирээк", Грузиянын "Чоочун үй", Казакстандын "Караташ айылындагы чума" кинолору ат салышууда.

Кыргызстан кинематографисттер союзу былтыр декабрда “Атанын керээзи" тасмасын Орусиянын "Ника" сыйлыгына сунуштаган. Анда жакшы жашоо издеп, айылдан шаарга, Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткандардын көйгөйү чагылдырылган. (NT)

XS
SM
MD
LG