Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:53

Венгрия Сербия менен чек арасында жаңы тосмолорду орнотууну баштады. Буга чейин темир мамы, тикенек зымдар менен чек аранын эки тилкеси тосмолонгон болчу.

Экинчи тосмонун 10 чакырымдык эксперименталдык участогу камера, кыймылды жана жылуулукту сезгич жабдуулар менен жабдылган. Венгрия Сербия жана Хорватия менен чек арасында тосмолорду 2015-жылы мигранттардан коргонуу үчүн кура баштаган.

Өкмөт экинчи тосмого 120 миллион евродон көп акча кеткенин билдирди. Кошуна Сербияда 7 миңдей мигрант Батыш Европага өтө албай турат. Көптөрү Хорватия же Шенген зонасына кирген Венгрияга өтүүгө маал-маалы менен аракеттенип келатышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG