Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:54

Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун бир тууганынын уулу, журналист Жамшид Каримов психиатриялык бейтапканадан чыгарылды. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Дуня Миатович 1-марттагы билдирүүсүндө 10 жылдан бери ооруканада кармалып келген Жамшид Каримовдун кое берилишин кубаттады.

Өзбекстан өкмөтү бул тууралуу эч кандай жарыя жасаган жок. ЕККУнун билдирүүсүндө журналисттин кайсы күнү бошотулганы маалымдалбады.

49 жаштагы Каримов өзбек бийлигин жана Жизак облусунун жетекчилерин сындаган макалалары менен таанылган. Журналистти биринчи жолу 2006-жылы Самарканддагы психиатриялык ооруканага жаткырышып, бирок андан 2011-жылы чыгарылган. Бирок бир нече айдан кийин кайрадан ооруканага жөнөтүлгөн.

Миатович ошондой эле өзбек бийликтерин Юсуф Рузимурадов, Салижон Абдурахманов, Дилмурод Саид жана башка журналисттерди азат кылууга чакырды.

XS
SM
MD
LG