Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:06

Франция Харадинайды экстрадициялоо чечимин 6-апрелде чыгарат


Рамуш Харадинай

Франциянын апелляциялык соту Косовонун мурдагы премьер-министри Рамуш Харадинайды экстрадициялоо боюнча чечим чыгарууну 6-апрелге калтырды. 1998-99-жылдары Косовдогу согуш маалында талаа командири болгон Харадинайды Сербиянын өтүнүчү менен 4-январда Францияга учуп келгенде кармашкан. Белград аны мурдагы провинция Косоводо козголоңчуларды жетектеген согуш кылмышкери деп санайт. 1998-99-жылдары сербиялык аскерлер менен Косоводогу албан согушкерлери ортосундагы уруш НАТОнун аба соккуларынан кийин токтогон. Жаңжал 13,5 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен, көбү этникалык албандар болчу. 2008-жылы калкынын басымдуу бөлүгү албандар болгон Косово бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган.

Харадинай болсо “саясий барымтага” алынганын айтып, укуктук жактан өзү эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG