Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет


Раппопорт аллеясы кыйылганга чейин.
Раппопорт аллеясы кыйылганга чейин.

Ысык-Көлдөгү Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн облус башчысы Аскат Акибаев архитекторлор, токой чарба башчылары жана Ысык-Көл райондук жетекчилери менен жолугуп, аллеяны калыбына келтирүү боюнча талкуу өткөрдү. Облус башчысы жаңы аллея ири маданий-эстетикалык комплекс болуп, аймакта масштабдуу фестивалдар өтүш керек деп билдирди.

- Бул аллеяда чоң фестивалдар өтүшү кажет. Мисалы, гүл жана бак-дарактар боюнча. Жапонияда сакура багынын фестивалы сыяктуу. Ушул аркылуу туристтерди кызыктырууга көптөгөн мүмкүнчүлүк бар,- дейт Акибаев.

Учурда бактардын ар кандай көчөттөрүн тигүү пландалып жатат.

Деталдуу иш-аракеттер планы, акча-каражат маселеси кайдан каралары кийинки жыйындарда чечилмей болду.

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун жаңыртуу иштерине байланыштуу Чолпон-Атадагы канжолдун боюндагы Раппопорт аллеясы толугу бойдон кыйылган. Алардын ордуна жаш көчөттөр отургузулары кабарланган.

Аталган аллеядагы бактар 1934-жылы тигилген. Шаардын көркүн чыгарган аллеяга Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган. (AsM)

XS
SM
MD
LG