Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:51

Учак кырсыгын иликтеген депутаттык комиссиянын иши бир айга узарды


Авиакырсык.

"Манас" аэропортунун жанындагы учак кырсыгынын себептерин жана анын бортундагы жүктүн чоо-жайын иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узарды. Мындай чечим парламенттин 2-марттагы жыйынында кабыл алынды.

16-январдагы 39 адамдын өмүрүн алган кандуу окуядан кийин учак бортундагы жүккө байланыштуу түшүнбөстүктөр жаралып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага 20-февралга чейин убакыт берилген. Бирок, комиссия төрагасы Алмазбек Баатырбеков бул мезгил аралыгында учак кырсыгынын себептерин иликтеп чыгуу мүмкүн болбогонун айтып, ишти дагы бир айга узартууну сунуштады, эл өкүлдөрү аны колдоп беришти.

“Ата Мекен” фракциясынан комиссиянын курамына "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, эки айга УКМКга камалган депутат Өмүрбек Текебаевдин ордуна Наталья Никитенко кирди.

Быйыл 16-январда Дача СУ айылына түркиялык жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза тапкан. Анын ичиндеги 80 тоннадан ашык жүк кимге таандык болгону али күнчө так айтыла элек. 1-мартта "Ата Мекен" партиясынын юристтери Текебаевге жана Түркиянын атайын кызматынан алынган маалыматтарга таянуу менен уюлдук телефон, электроника буюмдары, баалуу металл, асыл таштардан турган жүк президент Алмазбек Атамбаев менен анын жубайына тиешелүү экенин айтып чыгышты. Президенттик аппарат муну "карандай калп" катары мүнөздөдү. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси документ жасалма деп билдирди. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG