Түркияга алданып келген Айжан менен Эсен
Кыргызстандан Түркияга жумуш издеп келген мекендештерибиздин саны күн санап өсүүдө. Атайын ортомчу фирмалар аркылуу келгендер менен катар жеке тааныш-билиш менен келгендер да кездешет. Түркияга келип өз мекендештеринен эле алданып, арабөк калгандар да бар. Анкарага алданып келип, бир топ запкы жеген эки кыргызстандыктын баяны.