Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Жалал-Абадда бычак сайылган эки окуучу ооруканага түштү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Шаардын "Спутник" кичи районундагы №9 Р. Санатбаев атындагы мектептин 9-классынын эки окуучусу бычактан жарат алып, ооруканага түштү. Шаардык милициядан билдиришкендей, окуя 2-март күнү болгон.

Жарат алган окуучулар башка мектептин окуучусу менен пикир келишпей, ортодо уруш чыккан. Натыйжада 19-мектептин 9-классынын окуучусу экөөнү бычактап салган. Бычак жеген балдардын биринин абалы оор экендиги кабарланууда. Анткени бычактын мизи кабыргасынан өтүп, өпкөсүнө чейин жеткен. Кылмышка шектүү окуучу кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.(RsK)

XS
SM
MD
LG