Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:36

Хосни Мубарактан киши өлтүрүүгө байланышкан айып алынды


Хосни Мубарак ооруканада.

Египеттин апелляциялык соту мурунку президент Хосни Мубарактaн 2011-жылы өзүнүн режимине каршы нааразылыкка чыккандарды өлтүрүүгө катышы бар деген айыпты алып салды. Сот чечимине ылайык, 88 жаштагы экс-лидер жакында эркиндикке чыгуусу мүмкүн.

Өлкөнү отуз жылдык башкаруудан соң Хосни Мубарак 2011-жылы бийликтен четтетилип, 2012-жылы жүздөгөн демонстранттарды өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган эле.

Апелляциялык сот бул чечимди жокко чыгарды. Прокуратура сот чечимине нааразылык билдирди. Бирок бийлик апелляциялык соттун чечими акыркы чечим деп билдирүүдө.

Майыптар арабасы менен жашап калган Мубарак сот жараянына катышты. Ал түрмөдө коррупцияга байланыштуу айыптоо менен үч жыл отурган, учурда Каирдеги аскер госпиталында камакта.

Мубарактын отставкасынан кийин Египеттин президенти болуп исламчылардын лидери Мухаммед Мурси шайланган. Ал 2013-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен четтетилген.

XS
SM
MD
LG