Ымыркайларды жана төрөткө байланыштуу медициналык иш-аракеттерди каттаган электрондук регистр Кыргызстандын бардык төрөтканаларына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, "Ымыркайлар регистри" деп аталган системаны ишке киргизүүгө жалпысынан эки жылдай убакыт кетти. Долбоорду жүзөгө ашырууга эл аралык өнөктөштөр жардам берди.
Регистр салмагы 500 граммдан жогору төрөлгөн ымыркайлар, алардын энелери, жалпы абалы тууралуу бардык маалыматты камтыйт.
Министрлик бул система медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, маалымат алмашууга, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк алууну кыйла жөнөкөйлөтүүгө шарт түзүп жатканын белгилөөдө. (RK)