Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Кыргызстан Беларуста дагы бир өкүлчүлүк ачты


Беларус республикасында Кыргызстандын дагы бир өкүлчүлүгү ачылды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Гродно шаарында эки облусту тейлей турган Ардактуу консулдук иштей баштады.

Анын ачылышына Кыргызстандын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, белорус тараптан Гроднонун аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кравцов катышты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы ымала, тагыраак айтканда, машина куруу, жеңил өнөр жай, жыгачты кайра иштетүү, коммуналдык жана туризм тармактарында байланышты өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.

Орусия менен Беларус негиздеген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан да кошулганына 1,5 жыл болду. Ички бажы тоскоолдуктары алынган бул уюмга ошондой эле Казакстан жана Армения мүчө.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Беларуста баш калкалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG