Дача СУ айылында жабыркагандарга элден чогулуп жаткан акчадан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пайдаланды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Шерипова белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата чогулган акчанын суммасы 94 миллион 886 миң сомду түзүүдө.
- Атайын эсепке келип түшүп жаткан акчаны пайдалануу мүмкүн эмес, себеби эсеп жабыла элек. Акча кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү максатында жеке адамдардан, мекемелерден, эл аралык уюмдардан түшүүдө жана ал башка жакка коротулушу мүмкүн эмес. ӨКМ бул каражатты кырсыктын кесепеттерин жоюуга колдонбойт.
Мекеменин маалыматына караганда, чогулган каражатты атайын өкмөттүк комиссия бөлүштүрөт, анын курамына жабыркагандардын өкүлдөрү да кирет.
16-январда "Манас" аэропортунун жанына жүк ташыган учак кулап, 39 өмүр кыйылган. Жабыркагандарга жардам үчүн эсеп ӨКМде ачылган.
Бүгүн интернетте ӨКМ 9 миллион сомду жеке чыгымдарын жабуу үчүн колдонду деген маалымат тараган. (RK)