Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:32

Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары нааразылык акциясын улантууда. Ош-Бишкек унаа жолунун Акман айылынын тушунда боз үйлөрдө 100дөй адам турганын бүгүн "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кубат Артыков билдирди. Анын айтымында, протестчилер Текебаевдин бошотулушун талап кылууда:

- 100дөн ашык тартип коргоо органынын өкүлү көзөмөлдөп турат. Алар менен эч кандай карама-каршылык болгон жок.

Митингчилер буга чейин район акимчилигинин алдына чогулуп, боз үй тигишкен. Район бийлигинин тыюусунан кийин аны жол боюна көчүрүп келишкен.

Жол буулган жок.

Текебаев пара алган деп айыпталууда. Өзү бул айыпты саясий куугунтук деп баалоодо. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG