Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Суперкубок беттешинде "Алай" "Дордойду" утту

Футбол боюнча Кыргызстандын 2017-жылкы сезондук Суперкубогу үчүн беттеште Бишкектин "Дордой" командасын Оштун "Алай" клубу утуп алды. 
Өлкөнүн футбол лигасынан билдиришкендей, оюн 3-мартта Бишкек шаарындагы Футбол борборунун стадионунда өтүп, 1:4 эсебинде аяктады. 

"Алай" 2016-жылы Топ-Лигада чемпион болгон. Ал эми "Дордой" Кыргызстандын кубогун алган.

Кыргызстандын Суперкубогу 2011-жылдан бери сезондун ачылышына карата жыл сайын өтөт. 2015-жылы гана уюштурулбай калган.

Бул кубокту "Дордой" клубу үч жолу уткан. "Нефтчи" менен "Абдыш-Ата" командалары бир жолудан ээ болгон. "Алай" мындай сыйлыкты алгач ирет алууда.

XS
SM
MD
LG