Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

НАТО менен Орусиянын аскерий өкүлдөрү сүйлөштү


НАТОнун Литвадагы аскерий машыгуусу. 2-декабрь, 2016-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, алардын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы Петр Павел 3-мартта телефондон сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө алар кызматташтыкты кайра жандандыруунун келечегин, аскер күчтөрүнүн капыстан тиреше кетүүсүн алдын алууну жана коопсуздукка байланышкан башка маселелерди талкуулашты. НАТО да өз тарабынан телефон сүйлөшүүсү болгонун ырастады.

Орусия менен НАТОнун ортосундагы аскерий байланыштар Москва 2014-жылдын жазында, Крымды аннексиялагандан кийин токтотулган. Андан бери НАТО Орусия жараткан коркунучтардан улам деп, чыгыш фланг - Балтиканын үч өлкөсү менен Польшадагы аскерий кубатын чыңдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, 3-марттагы телефон сүйлөшүүсүндө чыңалууну басаңдатуу үчүн “биргелешкен кадамдар жасалуусу зарылдыгын” эки генерал тең ырасташкан.

XS
SM
MD
LG