Оңчул-центристтерден Франция президенттигине талапкер Франсуа Фийондун шайлоо штабынын башчысы Патрик Стефанини отставкага кетүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу француз маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Стефанини өз милдетин аткарууну жекшембиде аяктайт.
Journal de Dimanche Стефанининин Фийонго жазган катын жарыялады. Анда ал отставкасын себебин Фийондун аялына төлөнгөн мамлекеттик каражаттарга байланышкан жаңжал менен түшүндүргөн. Бул ишти укук коргоо органдары иликтеп жатат, талапкердин штаб жетекчиси ушул чатактан улам ал президенттик шайлоонун экинчи туруна өтпөй калышы мүмкүн жана бул жагдай Франциядагы бардык оңчул кыймылдар үчүн катуу сокку болот деген ойдо.
Фийонду колдоодон оңчул-центристтик Демократтар союзу жана Республикачылар партиясынын айрым өкүлдөрү баш тарткан. Алар аны талапкерлигин алууга чакырууда. Ал эми Франсуа Фийон шайлоодон талапкерлигин албай турганын жарыялап, жекшембиде Парижде өзүн колдогон митингге тарапкерлерин чакырды.
Францияда президенттик шайлоонун биринчи туру 23-апрелге белгиленген.