Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Талас: шаардык кеңеши мэр боюнча мунаса таппай жатат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияга кирген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Тимур Жумабеков билдирди. Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары кызмат бөлүштүрүүдө бир пикирге келе албай жатат:

- Биз эң башында «Республика-Ата-Журт», «Мекеним Кыргызстан» жана «Айкөл» партиялары менен коалиция түзгөнбүз. Бирок ага жергиликтүү бийлик кийлигишип атып, бириге албай калдык. Натыйжада, алар менен мунасага келип, КСДП, «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» фракциялары менен кайрадан коалиция түзүлдү. Социал-демократтар шаардык кеңештин төрагалыгына көрсөткөн талапкерди бир добуштан колдоп бердик. Биздин макулдашууга ылайык,шаар мэри «Республика-Ата-Журт» партиясынан болмок. Бирок шайлоодо ал талапкерди бийликчил партиянын өкүлдөрү колдобой коюшту. КСДП өзүнө керектүү, алардын жүргүзгөн саясатына үндөбөй, макул боло турган кишинин мэр болуусун каалап атат. Алар жактырган талапкерге биз ишеним артпайбыз. Мындан улам биз коалициядан чыгып, таркаганга чейин барабыз.

Бирок КСДП фракциясынын лидери Айбек Сүйүнтбеков шаардык кеңеш таратылбайт деп кабарлады.

27-февралда Таластагы мэр шайлоодо жалгыз талапкер өтпөй калган. "Республика-Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Аскар Шабдановго 27 депутаттын 14ү "макул", калганы "каршы" добуш берген болчу. Натыйжада мэр шайлоо 13-мартка белгиленген. Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, мэрликке документтерди кабыл алуу кечээ аяктады. Азыр эки талапкер, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Айдар Жусупбеков менен «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Насыр Тургунбеков көрсөтүлүп жатат.

Талас шаардык кеңешинде КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары биригип "Ынтымак" коалициясын түзгөн, "Айкөл" фракциясы оппозицияда калган. (AlS)

XS
SM
MD
LG