Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:51

Спортчуларды машыктырууга орусиялык адистер тартылат


Анварбек Оморканов менен Владислав Третьяк.

Кыргызстандын хоккей федерациясы менен Орусия Федерациясынын хоккей федерациясы 4-мартта Бишкекте кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, келишимге ылайык, спортчуларды машыктырууда орусиялык тренерлер тартылат:

- Бизде машыктыруучулар жетишпейт. Бул жаатта орусиялыктарда тажрыйба көп.Ошондуктан Орусиянын машыктыруучулары келип тажрыйбалары менен бөлүшүп, семинарларды өткөрүшсө деп сүйлөштүк, - деди Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG