Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

Португалия Украинадагы ачарчылыкты геноцид деп тааныды


Голодомордун курмандыктарына арналып курулган эстелик
Голодомордун курмандыктарына арналып курулган эстелик

Португалиянын парламенти өткөн кылымдын 1930-жылдарындагы Украинадагы жапырт ачарчылыкты геноцид катары тааныды. 3-мартта кабыл алынган резолюцияда ачарчылыкка "Иосиф Сталиндин тоталитардык режими" себеп болгону жазылган.

Өлкөдө 20-кылымдын биринчи жарымында бир нече ачарчылык болгон. Алардын ичинен миллиондогон украиналыктардын өмүрүн алган эң оор учур 1932-33-жылдарга туура келген.

Совет бийлигинин көрсөтмөсү менен Украинанын аймагындагы эгин түшүмү борборго жөнөтүлүп, жергиликтүү эл ачарчылыктан запкы көргөн. Бул ачарчылык Казакстан, Түндүк Кавказ жана Орусиянын айрым жерлеринде да болгон, бирок негизги кыйынчылык украиналыктардын башына түшүп, миллиондон ашык адам каза тапкан.

2006-жылы Украинанын Жогорку Радасы Голодоморду украин улутун тукум курут кылуу аракети катары баалаган.

XS
SM
MD
LG