Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Обаманын өкүлү Трамптын тыңшоо тууралуу айтканын четке какты


АКШнын мурдагы президент Барак Обама.
АКШнын мурдагы президент Барак Обама.

АКШ мамлекет башчысы Дональд Трамптын мурдагы президент Барак Обаманын дарегине карата айтылган "тыңшоо" тууралуу айыптоосу чындыкка коошпойт.

Бул тууралуу Ак үйдүн мурдагы өкүлү Кевин Льюис билдирди. Анын айтымында, Обама да жана башка расмий адамдар америкалык кайсы жаран болбосун аңдуу тууралуу буйрук берген эмес.

Льюистин билдирүүсүндө "Обаманын администрациясында Ак үйдөгү бир дагы кызматкер Юстиция министрлиги жүргүзгөн көз карандысыз иликтөөгө эч качан кийлигишпесин деген катуу эреже" болгону айтылат.

4-мартта Трамп экс-президент Барак Обаманы былтыр ноябрдагы шайлоого чейин өзүнүн телефонун тыңшаган деп айыптап чыккан. Твиттердеги баракчасында ал "тыңшоону" сынга алган бир нече билдирүү жазып, аны кырк жыл мурдагы Уотергейт чатагы менен салыштырган.

XS
SM
MD
LG