Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

АКШ: 28 штатта Трампты колдогон митинг өттү


Вашингтондо 150гө жакын адам Ак үйгө чейин келишти.
Вашингтондо 150гө жакын адам Ак үйгө чейин келишти.

Американын 28 штатында президент Дональд Трамптын жактоочулары митинг жана жөө жүрүш өткөрүштү. Трамп үчүн жүрүш президенттик кызматына расмий киришкенден бери ага каршы ар кайсы шаарларда айтылып жаткан билдирүүлөргө жооп болуп калды.

Вашингтондо 150гө жакын адам Ак үйгө чейин келишти. Нью-Йоркто 200дөй активист Трамп-тауэр мунарасынын алдына чогулду.

Калифорнияда Трампка каршы чыккандар менен кагылышуудан он адам кармалып, жетөө жабыр тартты.

Трамп кызматка киришкенден бери Америкада көптөгөн каршылык акциялары өтүүдө. Инаугурация күнүндөгү аялдар маршына дүйнө жүзү боюнча беш миллионго чукул адам катышканын уюштуруучулар билдиришкен. Февралдын этегинде Трамп Твиттердеги баракчасы аркылуу тарапкерлерин өзүн колдогон митингге чыгууга чакырган.

XS
SM
MD
LG