Кыргызстанда 6-мартта кээ бир райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12 градус суук болот.
6-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз 2…4 градуска чейин жылыйт.