Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында "Республика-Ата Журт" партиясына эки мүчөсү чатакташып, анын аягы кол көтөрүүгө чейин жеткени айтылууда. Бул тууралуу окуяда жабыркаганын айткан партия мүчөсү Рысбүбү Токчулукова "Азаттыкка" билдирди. Ал партиялашы жана айылдык кеңеш депутаты Нарынбек Абдиевди өзүн сабады деп айыптоодо:
- Эч себепсиз эле менин аброюма шек келтирип, сөгүп-сагып, аягында ошол жерде отурган партиялаштардын көзүнчө мени уруп-сокту.
Токчулукова райондук милицияга кайрылган, прокуратурага да арыз жазды.
Ошол эле маалда анын партиялашы Нарынбек Абдиев жогоруда айтылгандарды четке кагып, айыпты Токчулукованын өзүнө оодарууда:
- Мен сабаган эмесмин, күбөлөр да бар. Милицияга кайрылыптыр, иликтеп чыгышсын. Сотто далилдеп берем. Жалаа жапкандыгы үчүн аны да мен сотко берем.
Окуя 17-aфевралда "Республика-Ата Журт" партиясынын Жети-Өгүз райондук штабында болгон. (AsM)