Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

"Ата Мекен" Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Мындай чечим "Ата Мекен" партиясынын бүгүн, 5-мартта Бишкекте өткөн чукул курултайында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган партиянын жана парламенттеги фракциянын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөр келишкен. Анда "коррупция" жана "алдамчылык" беренеси менен айыпталып, эки айга камалган депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду токтоосуз бошотуу талабы коюлган. Ошондой эле катышуучулар бир добуштан алдыдагы президенттик шайлоого Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүүнү колдоп берген:

- Курултайга келген аймактагы делегаттар бүгүн тарап, ал жактарда штабдарды жандандырат. Алдыдагы саясий жараяндар, демократия, эркиндик, саясий плюрализм үчүн күрөштү күчөтүү аракеттери башталат. Биз Конституцияда каралган укуктарыбыздан пайдаланып, республика боюнча тынчтык митингдерин өткөрүп баштайбыз.

Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.

Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов да коюлган айыпты четке кагууда. (NT)

XS
SM
MD
LG