Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Саясий туткундарды коргоо комитети президентке кайрылды


Текебаевдин тарапкерлери.
Текебаевдин тарапкерлери.

Коррупция боюнча айыпталып камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевди жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген күнөө менен абакта отурган оппозициячыларды коргоо комитетинин кайрылуусунда аларды токтоосуз бошотууга чакырык ташталган. Аталган комитеттин төрагасы Турсунбек Акундун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, мындай кайрылуу президент менен катар эле Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратура, УКМК жана жалпы калкка жолдонгон. Анда азыр өлкөдө саясий абал курчуй баштаганы айтылып, мурдагы бийликтердин жолун кайталабоо сунушу берилген:

- Текебаев жана башка саясатчылардын камалышы Кыргызстандагы саясий куугунтуктун жогорку чекке жеткендигинин, авторитардык режимдин орношунун белгиси. Ошол себептүү, өлкөнүн бардык жарандарына буга кайдыгер карабай, өз үнүңөрдү кошкула, кайдыгер карабагыла деп кайрылып жатабыз. Комитет келерки аптада тынчтык митингдерди өткөрөт. Ал эми президент, УКМК төрагасы, башкы прокурорду бир гана Текебаевди эмес, башка саясатчыларды да бошотууга чакырдык. Болбосо саясий абал курчуп келе жатат. Жогорку Кеңеш бакыйган оппозициялык саясатчы камалса, депутаттык комиссия түзгөнгө жарабады.

Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталууда. Өзү муну саясий куугунтук деп баалап жатат​. Ал эми "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган камактагы оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгуловдун соту аяктап калды. Мамлекеттик айыптоо Кадыров менен Асановду 15 жыл, Карыбековду 22, Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сураган.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери камакка алынгандан кийин 28-февралда аны жана абактагы оппозициячыларды коргоо комитети түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG