Улуттар Уюмунун гуманитардык агенттиги билдиргендей, Сириянын түндүгүнөн 66 миң адамдын жер которуусуна бул аймакта акыркы беш айда жүргөн уруштар себеп болду.
Былтыр ноябрь айында башталган аскерий өнөктүктүн натыйжасында Түркиянын армиясы жана Сирия оппозициясы колдогон күчтөр ал-Баб шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен 23-февралда бошотту.
БУУнун гуманитардык агенттигинин эсебинде, бул жердеги уруштардан улам 40 миңдей адам качууга аргасыз болгон.
26 миң адам күрт күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган Манбиж жана “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери көзөмөлдөгөн ал-Хафси шаарчаларынын айланасындагы уруштардан улам жер которду.
Түркия - Сирия чек арасына жакын жана мурда “Ислам мамлекети” тобу ээлеп турган аймактарды көзөмөлдөө үчүн акыркы айларда Түркия, Сириянын өкмөттөрү, Сирия оппозициясы жана жергиликтүү күрттөрдүн күчтөрү атаандашып келди.
Улуттар Уюму ИМ тобунун согушкерлери өлкөнүн түштүк-чыгышын карай чегингени менен алардан коркунучу али көп экенин эскертүүдө.
2011-жылдын мартында тутанган жарандык согуштан бери Сирия калкынын жарымынан көбү үй-жайын таштоого аргасыз болду. (UE)