5-мартта Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков баштаган депуттар камактагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугуп чыгышты. Парламенттин төрагасы менен кошо Алмаз Батырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев жана Алманбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына барышы. Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Текебаев күнөөсүз экенин, сынбай, актыгын далилдей турганын айтты.
Өмүрбек Текебаев жемкорлук жана алдамчылык кылган деген айып менен 27-февралда кармалган. Сот аны эки айга УКМКнын абагына камоо чечимин чыгарган.
Башкы прокуратура оппозициялык депутатка орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.
Партиялаштары жана тарапкерлери Текебаевди бошотуу талабы менен Бишкекте жана Базар-Коргон районунда нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. (SE)