Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Текебаевди президенттикке көрсөтүү чечими өзүнө жөнөтүлдү


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөтүү боюнча "Ата Мекен" партиясынын чечими анын өзүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна партия мүчөсү, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

- Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүү партия мүчөлөрүнүн демилгеси. Чечимди адвокаты аркылуу жөнөттүк. Өзү таанышып чыгат.

5-март күнү партия Бишкекте чукул жыйынга чогулуп, жемкорлук жана алдамчылык боюнча айыпталып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында жаткан Текебаевди мамлекет башчылыкка көрсөтүү сунушу жактырылган.

27-февралда кармалып, эки айга абакка камалган Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары жана тарапкерлери аны бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын Бишкекте жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда улантышууда.

Президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Тактыга ат салышуу ниетин мурунку премьер-министр Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдиришкен. Ошондой эле Өмүрбек Бабановду парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG