Кыргызстандан быйыл ажыга барчуларды каттоо бүгүн, 6-мартта аяктайт. Бирок арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн бир-эки күнгө узартуу маселеси каралууда. Муфтийдин орунбасары Акимжан Эргешов "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, айрым аймактарда зыяратка барууну каалагандар банкка тиешелүү төлөмдү төгүүгө жетишпей калганын билдиришкен.
Эреже боюнча, каттоо иштери үчүн талапкер РСК банктагы атайын эсепке алдын ала 500 сом төгүшү керек. Андан тышкары, 2600 доллар ажылык төлөмдүн 400 долларын берүүгө тийиш. Зыяратчылар электрон кезек менен тандалат. Барбай калгандарга акчасы кайтарылат.
Каттоо иштери 6-февралдан тарта өлкөнүн 32 жеринде башталган. Атайын пункттар облустук, шаардык казыяттарда жана алардын райондук бөлүмдөрүндө ачылган.
Сауд Арабия өкмөтү берген квота менен быйыл Кыргызстанга 4585 адам ажыга барат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп. Алгачкы топ болжол менен 5-6-августтарда жөнөйт.
Ажыларды Сауд Арабиянын “Флай Нас” авиакомпаниясынын учагы ташыйт. Тендерде ушул уюм тандалган. (SE)