Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Илим Карыпбековдун абалы турукташа баштады


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Илим Карыпбековдун абалы жакшырууда. Бул тууралуу ал дарыланып жаткан Травмотология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабыр Жумабеков "Азаттыкка" билдирди:

-Күндөн-күнгө жакшырууда. Акыл-эси тунук, жакшы сүйлөп калды. Отургузуп, бастыра баштадык. Бирок ошентсе да, кан көп кеткенине байланыштуу акыбалы туруктуу оор бойдон кала берүүдө. Ички органдары толугу менен иштей баштады. Толук калыбына келди десек болот. Жакынкы күндөрү палатага которобуз, азырынча реанимация бөлүмүндө.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун автоунаасы 1-марттын түнүндө Бишкектеги түштүк магистралда бара жатып, кырсыкка кабылган. Көкүрөк органдарынан оор жаракат алган Илим Карыпбеков оор абалда ооруканага жеткирилип, ага чукул операция жасалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG