Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Демилгечилер интернет тууралуу мыйзамды чакыртып алышы ыктымал


Интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоору кайрадан чакыртылып алынышы мүмкүндүгүн мыйзам демилгечилеринин бири, РАЖ фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова "Азаттыкка" билдирди:

- Коомдук талкууга койгондон кийин бизге көп кишилер кайрылып, нааразылык билдирип жатышат. Ошондуктан, биз бүгүн чогулуп, мыйзам долбоорун карайбыз. Балким, азырынча кайра чакыртып, мыйзам долбоорун кайрадан талкуулап чыгабыз. Биздин максатыбыз коомчулукту жалган, чагымга негизделген маалыматтардан сактоо болчу. Текшерилбеген, такталбаган, жеке адамдардын турмушуна киришкен маалыматтар көп болуп кетти. Биз бул мыйзамды блоггерлер, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен чогуу отуруп, кайрадан талкуулап чыксакпы деп жатабыз.

Парламент интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоорун 3-мартта коомдук талкууга койгон. Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында негизинен бул мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигин чектөө аракети катары бааланган.

Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору боюнча, бир күн аралыгында баракчасына миңден ашык адам кирген интернет колдонуучулардын баары "блогер" деп аталат. Алар маалыматтарды эркин алуу жана жарыялоого укуктуу, ошол эле кезде өз аты-жөнүн, дайынын, электрондук дарегин жазууга милдеттүү. Мындан тышкары алар атайын мамлекеттик тизмеге киргизилип, зарыл деген маалыматтарды берүүгө милдеттендирилген. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG