Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Өзбекстан менен эркин соода аймагын түзүү боюнча келишим күчүнө кирди


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Халмион" базары
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Халмион" базары

Өзбекстан менен Кыргызстан аралык эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимдин ратификацияланышы боюнча мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзам быйыл 25-январда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Эки өлкө ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча келишим 2011-жылы 18-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында Санкт-Петербург шаарында сегиз мамлекеттин ортосунда түзүлгөн. Ал эми Өзбекстан менен келишимге 2013-жылы, 31-майда Минск шаарында кол коюлган.

Келишимдин тиркемесине ылайык, эркин соода аймагында экспорттук, импорттук жана бажы төлөмдөрүнө байланыштуу чектөөлөр бар. Ушундан улам, кыргыз тарап экспорттолуучу товарлардын Өзбекстандын бажы аймагына сунушталуучу төлөмдөрүн өзү аныктоого укуктуу.

Президенттик аппараттан мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери маалымдалды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG